БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо эркектерди зордукчул көрсөтүүгө багытталган маалыматтар атайын таратылып жатат деп шек санады.
Ал аялдарга болгон зордук-зомбулук боюнча социалдык тармактарда өтө көп чыгып баштаганын айтып, буга көзөмөл кандай болуп жатканын сурады.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мындай учурларды алдын алуу мыйзамы кабыл алынганын, анын негизинде улуттук программа иштелип чыкканын билдирди. Министрлер кабинети бекитип берсе профилактикалык иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.
Андан соң Самыйкожо алдын алуу иштеринин зарылдыгын, ага кошуп маалыматтар ЖМКларга кайдан, кантип чыгып жатканын көзөмөлдөөнү талап кылды. Депутаттын айтымында, муну көбүртүп-жабыртуунун аягы жакшылыкка алып келбейт.
"Кыргызда "жаманды жашыр, жакшыны ашыр" деген сөз бар. Тарыхта кыргыздын ата-бабалары аялга тең мамиле кылып келген. Бирок кулак-мурдун кесип кордогону жигитчилик эмес. Жаман көрүнүш. Болгону ушул нерселерди жайылтып жаткандарды карап коюшубуз керек да. Атайын бир жактан чыгаргандай болуп жатат. Аларга сөзсүз чара көрүлүшү керек", — деди депутат.
Ошондой эле ал кыргыздар эч качан аял-эркек деп бөлүп карабаганын белгиледи.
"Элибиз жан шеригим, теңим, жарым деп келген. Ошону карманалы. Эркекзатын жаманатты, мыкаачы, зордукчул, кордукчул көрсөтүп албайлы. Кыргыздын жигиттери мырза мүнөз, жигиттик сапаты бар болгон. Бүгүн да ошондой болушу керек. Бир карын майды бир кумалак чиритип жаткан мезгилде "эркектер зөөкүр болуп баратат" дегенден алыс бололу дегим келет", — деди Самыйкожо.