БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кылмыштуу топтун мүчөсү, Казак каймана аты бар Умар Маратов зордуктоого шектелип издөөгө алынганын Sputnik Кыргызстанга тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар билдиришти.
2023-жылдын жай айында Кара-Суу райондук милициясына 25 жаштагы кыз үч кишинин зордуктаганын айтып, кайрылган.
"Зордуктагандардын арасында Казак каймана аты бар Умар Маратовдун бар экени айтылууда. Аталган факт боюнча милиция иш козгогон. Маратовго издөө жарыяланып, башка эки эркектин ким экендиги такталып жатат", — деп билдиришти алар.
Эске салсак, Казак буга чейин жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген. 2020-жылы Ош шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок экинчи инстанция аны актаган.