БИШКЕК, 25-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү болуп жатканын билдирди.
Ал Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин чакан курамдагы отурумунда сүйлөдү. Мамлекет башчысы ЕАЭБ алкагында кызматташуу "чынында абдан ийгиликтүү болуп жатканын" белгилеген.
Путин ЕАЭБде Армения экономикалык өсүш жактан алдыда экенин билдирген. Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн ИДПсынын өсүшү 12,1 пайызды түзөрүн айткан.
"Бул, албетте, абдан чоң көрсөткүч. Россия бирикменин бардык мүчө мамлекеттери менен өз ара пайдалуу жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде түзүлгөн тыгыз өнөктөштүктү жогору баалайт", — деди Путин.
Жыйын Москвада өтүп жатат. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары чакырылган.