БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Белгород облусунда контртеррордук операция (КТО) режими киргизилгенин аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди.
КТО режими атайын эрежелер менен убактылуу чектөөнү бекитет. Ал жарандардын документтерин текшерүүдөн тарта кооптуу өндүрүштүн, уюмдардын ишин токтотууга чейинки чараларды көрөт.
Буга чейин Кремлден украиналык диверсиялык-чалгындоо тобун жарып чыгуу аракети болгондугун айтышкан.
Россия президенти Владимир Путинге аймактагы кырдаал тууралуу малымат берилген.
Гладков каршылашты жок кылуу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков украиналык диверсанттарды Россиянын аймагынан сүрүп чыгаруу жана жок кылуу боюнча күч да, каражат да жетиштүү экендигин белгиледи.
Ал Белгород облусундагы украиналык диверсиянын максаты – Бахмут багытынан алагды кылып, украин тараптын Артемовск жоготуусунда саясий натыйжаны азайтуу экендигин белгилеген.