Башкы прокуратура: Баткенде жол кургандар 40,8 млн. сом кымырып алган

"Кыргыз автожолдун" директорунун орун басары менен башкы бухгалтери карызды жашырганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 миллион сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Башкы көзөмөл органы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында жооптуу адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 40 миллион 888 миң сомду өз кызыкчылыгына колдонуп жиберишкендиги аныкталган. Аталган ишкананын кызматкерлери 2022-жылы "Т.и.К." ЖЧКсы менен Ош — Баткен — Исфана трассасынын Кадамжай — Чечме участогуна 20 чакырым аралыктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо боюнча келишим түзгөнү айтылат.
"Ошол эле учурда "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы бухгалтери Б.О., директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана директору менен макулдашпай "Т.и.К." ЖЧКсы тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскартып, карызын жашырган. Тагыраагы, "Кыргыз автожолдун" эсебинен 12 миллион 681 миң сомду "Т.и.К." компаниясынын пайдасына чыгарып салган", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иш козголуп, Башкы прокуратура тарабынан тергелүүдө.
300 тонна битум жок. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду