Баш прокурор: мурда жоопко тартылган чиновниктердин баары бүгүн кызматта отурат

Жыйында депутат көп эле адам жоопко тартылганын, ошого карабай коррупционерлердин саны эмнеге төмөндөбөй жатканын сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш жообуна тартылган чиновниктер кайра эле мамлекеттик кызматка келип жатканын билдирди.
Учурда ал парламентте Башкы прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёт берип жатат.
"Бир жердин мамлекеттик актысын беш-он адамга берген чиновниктер бүгүн башка райондордо иштеп жатат. Ошондуктан мен аткаруу бийлигине да сунуш кылгам, сиздерден да суранат элем, мыйзам талаптарын күчөтүш керек. Эгер кылмыш жоопкерчилигине тартылып чыктыбы, ал кайра кызматка алынбашы керек. Бүгүнкү күндө ошондой адамдардын баары кызматтарда отурат", — деди Зулушев.
Жыйында депутат Медер Алиев коррупция беренеси менен көп эле адам жоопко тартылганын, бирок ошого карабай коррупционерлердин саны төмөндөбөй жатканын айтты.
"Чынында (коррупция — ред.) азайбай жатат. Коомчулук, кызмат адамдары буга көнө түшкөн окшойт. Себеби бирөөнү кармап жоопко тартып жатсаң, жанында отурган кызматкер эле жасайт. Бир кызматкерин жоопко тартып, сотко жөнөтүп, өкүм чыгат. Бирок бир жылдан кийин карасаң ошол эле мекемеде кайра иштеп жаткан болот", — деди баш прокурор.
Деген менен ал коррупцияга каршы күрөш боюнча өлкө башчысынын тапшырмасы жогорку деңгээлде аткарылып жатканын белгиледи.
Зулушев: Бөлтүрүк сурак бербей жатат, кымырылган акчанын 831 млн. сому өндүрүлдү