Кыргызстанда 1-класска каттоо кампаниясы башталды

Биринчи этап 25-июнга чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бүгүн, 10-апрелде, 2023/2024 окуу жылына карата mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу балдарды биринчи класска кабыл алуу кампаниясы башталды.
Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, республика боюнча 186 201 квота каралган. Былтыр 185 миң болчу.
Бишкекте 97 мектеп бар, ага 20 875 квота каралган. Анын 10 040ы кыргыз тилдүү, 10 835и орус тилдүү.
Балдарды кабыл алуу эки этапта өтөт:
Биринчи этап — микроучасткалар (каттоого турган жер) боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин;
Экинчи этап — жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин.
Ашымбаеванын маалыматы боюнча, балдар 1-класска алты жашынан баштап бара алат. Сентябрдын орто ченинде алтыга толо турган балдарды да биринчи класска каттаса болот.
Министрликтин санарип трансформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Шаршенбай уулу элдин көбү балдарын каттап жатканына байланыштуу порталдын ишинде мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал ата-энелерди кабатыр болбостон системага 5, 10 же 30 мүнөттөн кийин кайра кирип кирүүгө чакырды.
Шаршенбай уулу ата-эне каалап жаткан мектепте орун жок болуп калса башка мектептерден табыларын айтты.
"Орундар боюнча маалыматтарды биздин системадан издеш керек. Мында жоопкерчилик биринчи кезекте ата-энеде. Мектептер жетишсиз экенин түшүнүп турабыз, бирок министрлик менен өкмөт бул боюнча иштеп жатат. Биринчи этапта балдар каттоосу боюнча мектепке алынышы керек. Бирок "кеч ойгонгон" ата-энелер да бар... Эгер мектепке кире албай калышса, маселени карай турган райондук комиссияга кайрылуу керек", — деди ал.
Жалгыз жол — секирип өтүү. Жапаров билим берүү реформасындагы 5 багытты белгиледи