Жалгыз жол — секирип өтүү. Жапаров билим берүү реформасындагы 5 багытты белгиледи

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экени белгиленди.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беш багытты белгилегенин өкмөттөн кабарлашты.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Бишкекте билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беш багытты белгилегенин өкмөттөн кабарлашты

Бишкекте билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беш багытты белгилегенин өкмөттөн кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бишкекте билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беш багытты белгилегенин өкмөттөн кабарлашты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Ал өз сөзүндө иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, беш багытка кенен токтолгон

Ал өз сөзүндө иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, беш багытка кенен токтолгон - Sputnik Кыргызстан
2/4

Ал өз сөзүндө иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, беш багытка кенен токтолгон

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Ал кошумчалагандай, "өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү" идеясынан баш тартуу керек

Ал кошумчалагандай, "өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү" идеясынан баш тартуу керек - Sputnik Кыргызстан
3/4

Ал кошумчалагандай, "өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү" идеясынан баш тартуу керек

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

"Азыр жалгыз жол — секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат", — деди өкмөт башчы.

"Азыр жалгыз жол — секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат", — деди өкмөт башчы. - Sputnik Кыргызстан
4/4

"Азыр жалгыз жол — секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат", — деди өкмөт башчы.

1/4

Бишкекте билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беш багытты белгилегенин өкмөттөн кабарлашты

2/4

Ал өз сөзүндө иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, беш багытка кенен токтолгон

3/4

Ал кошумчалагандай, "өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү" идеясынан баш тартуу керек

4/4

"Азыр жалгыз жол — секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат", — деди өкмөт башчы.

Ал өз сөзүндө иш-чара билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, беш багытка кенен токтолгон.
Өкмөт башчы биринчи багыт катары окуу программаларын эмгек рыногунун заманбап шартына ылайыкташтыруу экенин айтты.
"Жарым-жартылай чечим чыгарчу убакыт эбак артта калды. Адаптация процессин эчак эле башташыбыз керек болчу. Биз ар кандай программаларды пилоттук кылып, тигил же бул программаны карап, ар кайсы өлкөлөрдө жана конференцияларда жүргөндө, ийгиликтүү тажрыйбаларды кабыл алууда бир нече доорлор өзгөрдү. Бүгүнкү күндө биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллектинин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Ушул тапта дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунданын ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат", — деди Жапаров.
Ал кошумчалагандай, "өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү" идеясынан баш тартуу керек.
"Азыр жалгыз жол — секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат", — деди өкмөт башчы.
Эинчи багыт — окутуунун сапатын жогорулатуу.
"Мугалим — билим берүү тармагынын ийгилигинин негизи. Биз аларга профессионалдык өсүү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү мугалимдердин окуучуларына чыныгы насаатчы болуусуна жардам берет", — деди Жапаров.
Үчүнчү багыт — инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү.
"Бардык окуучуларга жайгашкан жерине жана социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү. Жакынкы жылдарда биз мектептерди, бала бакчаларды жана университеттердин жаңы кампустарын активдүү курабыз. Билим берүү министрлиги "Мектеп" басмасын кайра жандандырып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген окуу китептерин биздин мектептерде окутууга жана ишке киргизүүгө ылайыкташтырышы керек", — деди Жапаров.
Төртүнчү багыт — билим берүүгө ийкемдүү мамилени киргизүү.
"Балдарыбыз дүйнөлүк эмгек рыногунда ийгиликтүү жана татыктуу атаандаштыкка туруштук бериши үчүн тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлаша билиши керек. Онлайн-курстар, модулдук окутуу жана өмүр бою билим берүү сыяктуу билим берүүнүн ийкемдүү формалары биздин жарандарга эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жана алардын кызыкчылыктарына ылайык көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", — деди өкмөт башчы.

Бешинчи багыт — чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу.

"Заманбап маалымат дүйнөсүндө маалыматтарды талдоо, негизделген чечимдерди кабыл алуу жана командада иштөө өзгөчө маанилүү. Окуучуларыбыздын чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн биз окуу процессине долбоордук окутуунун элементтерин, кейс-методун жана талкуу форматтарын киргизишибиз керек", — деди министрлер кабинетинин башчысы.
Жапаров биргелешкен күч-аракет менен жогорудагы негизги беш кадамды ишке ашырууга жана билимдүү муун, ошондой эле күчтүү адистерди даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот деген ишенимин билдирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Радио
Бала бакча жана мектеп жетекчилери инвестор тартуу боюнча окутула баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0