Министрлик: быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөндөр барууга тийиш

Кыргызстандын мектептери 12 жылдык окуу программасына өтө электиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барууга тийиш. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Мырзабеков билдирди.
Соңку кезде Кыргызстандын соцтармактарында быйыл биринчи класска алты жаштагы балдар барышы керектиги тууралуу маалымат талкууланып келет.
“Быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат. Биз 12 жылдык билим берүүгө өтө элекпиз. Каттоого 2016-жылы төрөлгөн балдар турууга тийиш”, - деди Мырзабеков.
2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети 12 жылдык окуу программасына өтүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 40 миллион доллар бөлүү боюнча долбоорду четке каккан. Жыйында депутаттар мектептер менен коомчулук жаңы окуу системасына даяр эмес экенин белгилешкен.
Жалгыз жол — секирип өтүү. Жапаров билим берүү реформасындагы 5 багытты белгиледи