Ишкерди Бишкектин сыртына алып чыгып акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

Шектүү өзүнүн адамдары менен ишкерди сабап, акчасын жана унаасын күрөө катары тартып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте ишкерди шаардын сыртына алып чыгып, уруп-сабап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ал шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жеке ишкерди күч колдонуп Бишкектин четине алып барып темир менен сабап, 350 миң сом акчасын жана Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасын күрөө катары тартып алган.
Шектүү 6-апрелде колго түшүрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Чалкалап жатып пара алып. Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалган видео