00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:09
63 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чалкалап жатып пара алып. Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалган видео

© AP Photo / Martin MejiaКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Транспорт министрлигинин кызматкерлери УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышканы айтылды.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөлдөө департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
"Ушул жылдын 4-апрелинде жүк ташуучу унаанын айдоочусунан ашыкча салмак үчүн беш миң сом өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунун сегиз кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул иш боюнча жалпысынан Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды", — деп айтылган маалыматта.
УКМК жарыялаган видеодон бир кызматкердин көзөнөк терезеден берилген акчаны чалкасынан жаткан тейде алганы жашыруун тартып жаткан камерага түшүп калган.
Транспорт министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн системалуу акча талап кылгандыгы аныкталды. Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир автоунаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан.
Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын катыштыгы болгон.
"Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу автоунаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө "өз үлүшүн" алып турушкан", — деп айтылган маалыматта.
Коррупциялык схеманы уюштургандар атайын кызматтын өкүлдөрүнө пара берүүгө аракет кылышкан.
"Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында УКМК кызматкерлерине жашырып туруу өтүнүчү менен кайрылып, бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышкан. Бул аракеттер да белгиленген жана документтештирилген", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Салмак-габаритти көзөмөлдөө департаменти автотранспорт каражаттарынын салмагы жана жалпы көрсөткүчүнүн ашып кетүүсүнө жол бербөө, ошондой эле жолдордун жана жасалма курулуштардын коопсуздугун камсыздоо максатында түзүлгөн.
Чакан ГЭС ишканасынын кызматкерин пара менен кармоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
"Чакан ГЭСтин" жетекчилеринин бири пара алып жатканда кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0