Радио

Күнүмдүк интим каражаттарын колдонбош керек. Гинекологдун түшүндүрмөсү

Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова кыздарга айыз учурундагы ооруга чыдап жүрө бербей, ооруну басаңдатуучу дары ичүүнү сунуштады.
Sputnik
Азыркы учурда аялдардын көбү күнүмдүк интим жалаяктарын колдонот. Бирок мындай каражаттар кыз-келиндердин саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Гүлзат Кабылова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өспүрүм курактагы кыздардын алгачкы жолу айызы келген учурунда энелер көңүл буруп, маселе жаралса дароо балдар гинекологуна кайрылуу зарыл.
"Интим гигиенаны сактоо каражаттары боюнча маалыматтар абдан көп, бирок баары эле сапаттуу эмес. Андыктан кыз-келиндер кайсы ыкманы жасап, эмнени колдонбой эле койгонду билбей калышат. Көбүнесе рекламалардын курмандыгы болушат. Мисалы, учурда аялдардын күнүмдүк турмушунун бир бөлүгүнө айланган интимдик коргоочу чаптама жалаяктар бар. Булар кайра иштетилген каражаттардан жасалгандыктан аялдын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мындан сырткары, ал чапталып турганда тери дем албай, ошол жерде зыяндуу микроорганизмдер пайда болот. Мындан улам жагымсыз суюктуктун бөлүнүп чыгышы адатка айланып калышы ыктымал. Андыктан зарылчылык жок болсо колдонбой эле койгон дурус", — деди Кабылова.
Гинеколог өзгөчө өспүрүм кыздарга интим гигиенасын үйрөтүп жатканда күнүмдүк коргоочу чаптама каражаттарды колдонбоого чакыруу керектигин кошумчалады.