Депутат быйыл бир адам үчтөн көчөт отургузушун демилгеледи

Депутат уюшуп алып аш жеп, аламан улак, волейбол өткөрө бербей, бир жолкусун үнөмдөп көчөт эгүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков быйыл ар бир кыргызстандыкты кеминде үчтөн көчөт отургузууга чакырды.
Эл өкүлү көчөттүн бири өтүп кеткен ата-бабалар, экинчиси келечек муун, үчүнчүсү өзү үчүн болсун деген ой менен тигүү керектигин белгиледи.
"Ар бирибиз бак эгели. Шаарда жашагандар туугандарга же экологиялык уюмдарга акчасын бергиле. Кыргызстандын аймагынын 5-6 пайызы гана токой экен, жок дегенде 30 пайызга жеткиреличи. Диванда жатып алып соцтармактын баатыры боло бербей жок дегенде көчөт эгели. Отургузуп гана тим болбостон ар бирибиз анын көгөрүшүнө шарт түзөлү", — деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал Түркия быйыл 7 миллиард бак тигүүнү пландап жатканын, анын берекеси менен 154 миллион тонна эрозия болгон топуракты сактап каларын мисал келтирди.
"Ар кайсы курактагылар уюшуп аш жеп, аламан улак, волейбол өткөрүп жатабыз. Бир жолкусун үнөмдөп көчөт эгеличи. Отчёт, "Жашыл мурас" же президентке көрүнүш үчүн эмес, чын ыкластан бак эгип коёлучу. Карыган атаң, жаңы төрөлгөн балаң жана өзүң үчүн эк. Ошондо бир жылга 21 миллион болот экен. Калкы аз Монголия дагы жылына бир миллиард көчөт отургузабыз деп жатат. Бактуу өлкө — бактылуу өлкө", — деди депутат.
Аны менен катар Кадырбеков кыйганды билгендер эккенди дагы билиши керектигин белгиледи.
Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт, 1,5 млн. гүл отургузулат