БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кечээ, 17-февралда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жааган кар эрип, 17 үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
“Суу каптоо коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу, 17-февралда Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди”, — деп билдирди ӨКМ.
Маалыматта ошондой элеЫнтымак айылынын тооэтегинде эриген кардын суусу үч турак жайдын короосун каптап кеткени айтылган.
Учурда жеринде ӨКМдин куткаруучулары иштеп жаткандыгы кошумчаланды.