БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Парламентте кылмышкерлерден моралдык компенсация үчүн чектөөсүз суммада каражат өндүрүү мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев учурда сот 100 миң сомго чейин гана моралдык компенсация төлөтүүгө укуктуу экенин белгиледи.
"Биз Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, чектөөнү алып салууну сунуштап жатабыз. Сот моралдык компенсациянын суммасын өзү аныктасын. Бир эле мисал айтайын, Айзаданын өлүмү боюнча апасы сотко кайрылганда болгону 100 миң сомдон эле өндүргөн. Кызды зордуктап, өлтүрүп койгондор 100 миң сом эле берип жатат", — деди Бекешев.
Ошол эле учурда депутат Айбек Осмонов баштапкы жана акыркы суммасын белгилеп койбосо сотторго кудай берип, каалагандай компенсация төлөтүп коюшу мүмкүндүгүн айтты. Россияда 5000ден 500 миң рублге чейин каралганын мисал келтирди.
Бирок Бекешев жакында эле Конституциялык сот "чек болбошу керек" деген бүтүм чыгарганын билдирди. Бул мыйзам долбоору менен Кылмыш-жаза кодексин Конституцияга ылайык келтирип жатканын кошумчалады.
"Салыштыруу үчүн айтсак, Жарандык кодексте чек жок болгондуктан моралдык компенсацияны сот өзү аныктайт. Эгер Кылмыш-жаза кодексине чектөө киргизсе адамдын өмүрүн баалагандай болуп калабыз", — деди депутат.