БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Салык кызматы 2023-жылдын январь айынан тартып патенттер электрондук түрдө гана таризделерин маалымдады. Ал эми кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды.
"Эми патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн электрондук патентти алууга жана узартууга салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле "жеке кабинет" аркылуу онлайн-режимде патент алуу жана аны узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болору айтылган.
"Банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө "Электрондук патентти" тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керек. Патент үчүн ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек", — деп эскертет Салык кызматы.
Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр электрондук патентти санариптик платформалар (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору) аркылуу тариздеп жана төлөсө болот.