Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСалык декларациясы. Архивдик сүрөт
Салык декларациясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Жазылуу
Ведомство 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алгандар тапшырышы зарылдыгын эскертти.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү.
"1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер өткөн жылы алынган кирешелери, ошондой эле жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык иши жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек", — деп айтты Салык кызматынан.
1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырышы керек.
Ведомство мындан тышкары 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар да тапшырышы керектигин эскертти. Алар менен катар эле мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын, ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар да тапшыра тургандыгы маалымдалды.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Радио
Салык декларациясын 2026-жылдан тарта бардык жарандар тапшырат
Жаңылыктар түрмөгү
0