Кара-Буура району Айтматов району болуп өзгөрөт. Учурда парламентте каралууда, мыйзам долбоору өтүп кетсе сунуш ишке ашат. Бул тууралуу Рамис Алыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбаларга таянуу менен жазуучунун ысымы эмес фамилиясы жер аты болуп айтылат.
"Жерлерге кишинин ысымын ыйгарууда дүйнөлүк тажрыйбаны алып карасак Вашингтон, Куйбышев, Фрунзе жана башка ушундай адамдын фамилиясы берилген учурлар көп кездешет. Биз дагы көп талкуудан соң Чыңгыз Айтматовдун ысымын Талас облусундагы райондордун бирине берели деп чечтик. Анда расмий түрдө фамилиясы эле аталат. Документтерде ошентип фамилиясы гана жазылат. Юридикалык жактан ушундай экен. Ооба, коомчулукта Төрөкул Айтматовбу же Чыңгыз Айтматовбу деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бирок Кара-Буура району, мыйзам долбоору өтүп калса, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын алып Айтматов району болуп өзгөрөт", — деди Алыкулов.
Ал жер-суунун атын өзгөртүүгө кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бийлик жана демилгечилер тарабынан каржыланары мыйзамда көрсөтүлгөнүн кошумчалады.