Бишкектин 11-кичи районуна көп кабаттуу үй курганга инвестор изделүүдө. Эскиз

Турак жай комплексин эки тилкеге салууну пландап жатышат, анын биринде мурда гараждар турган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы 11-кичи районго көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны мамлекеттик ипотека менен беришет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан айтышты.
Курулушту баштоого сынак жарыяланган. Нуркамал Жетикашкаева атындагы көчөдөгү тилкеге түшө турган курулуш 9,64 гектарды ээлейт, анын 7,51 гектары азыр карьер болуп турат, ал эми 2,13 гектары гараждык кооператив (аларды бир нече убакыт мурда алышкан ) турган жер. Компания бул тилкелердин жалпы баасын 1 миллиард 406 миллион 821 сом деп баалап жатат.
Сынактын жеңүүчүсү ишти толугу менен өзү бүтүрүүгө милдеттүү. Тендердин шарты боюнча инвестор 40 миң чарчы метрден кем эмес аянттагы батирлерди ээси кирип жашай тургандай даяр кылып бериши керек. Ал эми калгандарын өзү сатса болот. Ар бир батирдин аянты 100 чарчы метрден ашпашы керек.
Ал эми ээн калган аянт (жашаганга жарактуулары жана жашаганга болбой тургандары) инвестордун менчиги болуп кала бермекчи. Ал батирлерди баштапкы каттоодон өткөрүү чыгымдарын да көтөрүшү керек.
Сынактын шарттары МИКтин расмий сайтында кененирээк айтылган.
Радио
Абакиров: ипотека алчуларга кепилдик бериле баштайт