БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдады.
Аралыктан окууга өтүү чечими Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык катуу сууктан улам кабыл алынган.
Онлайн окутууга өткөн мектептер:
Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
Таш-Көмүр шаарындагы алты мектеп.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бир мектеп жана бир мектептин 2-корпусу.
Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп.
Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы эки, Таш-Көмүр шаарындагы үч, Бакай-Ата районундагы бир жана Жайыл районундагы беш бала бакча жабылды.
Эске салсак, бүгүн катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына өткөрүлгөн. Синоптиктер бул жумада облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -29 градуска чейин суук болорун айтышкан.
Ал эми Майлы-Суу шаарынын мектептери киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу аралыктан окутууга өткөн.