Катылган жоонун катыгын берип сакталып келдик! Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Жапаров тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөнү улантуу зарыл экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Өлкө башчы "кыргыз эли тарыхый сапарында даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатканын, ага гүлдөп-өнүккөн Улуу кыргыз кагандыгы жана Үркүн трагедиясы мисал" экенин айтты.
"Тарых барактарында мындай кырдаалга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элдеринин аты гана калды. Ал эми эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан, катылган жоонун катыгын берген жоокерчилик замандардан бери көчмөн турмуштун учугун улап, сакталып келе жатат. Бул биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал тарыхта аты калган кайсы инсандар быйыл мамлекеттик деңгээлде эскерилип жатканын эске салды.
"Ушул жылы Ормон хандын 230, Байтик баатырдын 200, Эшенаалы Арабаевдин 140, Түгөлбай Сыдыкбековдун 110, Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында турган Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын эмгеги элибиздин эсинде түбөлүк сакталат", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда Жапаров тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөнү улантуу зарыл экенин кошумчалады.
Жер берген жокпуз, алдык. Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча билдирүү жасады