Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын Украинага бере турган ок-дарысы түгөнүп баратат

Киевдин талабы АКШ күткөндөн катуу болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Вашингтон Киевге жакынкы убакта ок-дарынын айрым түрлөрүн жөнөтө албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн отставкадагы полковниги, стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун улук кеңешчиси Марк Кансиан AFP басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, октун запасы бат эле түгөнүп калууда. Көбүнчө HIMARS комплексинин ракеталары калбай калып жатат.
"АКШ Украинага запастын үчтөн бир бөлүгүн жөнөтсө 8 миңден 10 миңге чейин ракета алат. Анда бул бир нече айга жетет, бирок алар эрте түгөнсө ордун толтуруу кыйын", — деди Кансиан.
Эксперттин пикиринде, Россиянын атайын операциясы башталганга чейинкидей ок-дары камдоо үчүн бир нече жыл керек. AFP басылмасына америкалык аскер Киевдин талабы күтүлүп жаткандан алда канча катуу экенин билдирген.
Буга чейин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинага курал-жарак берилип жаткандыктан альянска кирген мамлекеттердин запасы азайганын айткан болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Киев режимине көрсөткөн аскерий жардамы азаюуда. Сереп