Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Киев режимине көрсөткөн аскерий жардамы азаюуда. Сереп

© Фото / U.S. Marine Corps / Pfc.Sarah PysherHIMARS мобилдик ракеталык комплексинин артиллериялык машыгуусу. Архив
HIMARS мобилдик ракеталык комплексинин артиллериялык машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
24-февралдан бери АКШ Украинада жалпы жонунан 16,8 миллиард долларын жок кылды.
Батыш өлкөлөрүнүн Киев режимине көрсөткөн аскердик жардамы азайгандан азайып бара жатат, керек болсо америкалык ленд-лиздин тарапташтары да кол жоолукка айланган украин армиясын каржылоону жана курал менен жабдуунун көлөмүн кыскартууда. Европалыктар да АКШнын кызыкчылыгы үчүн экономикасын же өзүнүн керт башын садага чабууга даяр эмес дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
АКШ президенти Жо Байден Украинага 625 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы траншы даяр экенин жар салды. Пентагон жарыялаган курал-жарактын тизмесинде ок-дарысы менен 4 HIMARS, 105 мм калибрлүү 16 гаубица, 155 мм калибрлүү 16 гаубица, 75 миң снаряд, 120 мм 30 миң мина, атуучу курал үчүн 200 миң патрон, пехотага каршы Claymore миналары жана башка бар.
Сентябрдагы 1,1 миллиард долларлык жардамга салыштырмалуу сокку уруучу курал-жарактын кыйла эле аз экени көрүнүп турат. Эскерте кетсек, өткөн айда 18 HIMARS түзүлүшү убадаланган.
24-февралдан бери АКШ Украинада жалпы жонунан 16,8 миллиард долларын жок кылды. Мунун ичинде келечекте бериле турган 34 HIMARS системасы да бар. Америкалык каржылоонун динамикасынын өзгөрүшү Киев режимин кубанта салбаса керек.
Пентагон ленд-лиз менен Украинага ATACMS ракеталарын (ыраактыгы 300 чакырым) жана батыштык үлгүдөгү танкаларды жөнөтүүнүн зарылдыгын көрбөй калды. Айтылган ракеталар менен танкалар тыкыр кам көрүүнү жана оңдоп-түзөөнү талап кылат, ал эми бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн колунан келбейт. Натыйжада америкалык кампалар менен "советтик" арсенал сакталган өлкөлөрдөн Украинага "антиквариат" келип жатат десек болчудай.
АКШ мындан ары да өнөктөштөрү менен Украинага бир катар мүмкүнчүлүк берүү үчүн далбастап жатат. Бирок европалыктар буга анча көңүлсүнгөн жок, октябрдын башында Украина үчүн анча-мынча курал бергенин Литва, Норвегия жана Франция гана билдирди.
Европанын тизмесинде учкучсуз учуучу 37 WARMATE аппараты (ыраактыгы 10 чакырым), алты САУ Caesar (алгач Данияга берилмек) жана 20 сооттолгон Bastion автоунаасы бар.
Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт Украинага буга чейин убадаланган орто аралыктагы 10 IRIS-T SLM зениттик-ракеталык комплекстин алгачкысын жөнөтөрүн айтты (40 чакырым алыстыкта абадагы бутасы жок кылуу үчүн колдонулат). ЗРК партиясынын баарын жасап даярдоо үчүн үч жыл керектелет, ал эми согуш талаасында Батыштын курал-жарагы көпкө узай албайт.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОдогу мурдагы кеңешчи: Батыш өз капканына өзү түшүп калды

Реалдуулукка кайтуу

Жакында эле АКШда өткөн сурамжылоо эгер глобалдуу экономикалык кыйынчылыктар жарала турган болсо америкалыктардын 48 пайызы Украинага азыркыдай жардам берүүгө кайсы бир деңгээлде же таптакыр эле каршы экенин көрсөттү. Ал эми кыйын күндөр сөзсүз келет.
АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 31 триллион доллардан ашты, бул дүйнөлүк ИДПнын 30 пайызы. Мындай чектен ашкан өсүш Вашингтондун карыздан кутулуу ою жок экенин айгенилеп турат. АКШ көйгөйүн Евробиримдик менен Украинадагы согуштун эсебинен чечүүнү пландаштырууда.
Бүгүнкү күндө он немецтин төртөө гана украин армиясы ири аскердик жеңишке жетерине ишенет. Антироссиялык санкциялар азыркы экономикалык оор абалга себепкер деп эсептегендердин Москвага киргизилген катаал чектөөлөргө, ошондой эле энергияга болгон баанын өсүшүнө нааразычылыгы Европанын бардык булуң-бурчунда өсүүдө. Мындан улам New York Times: "Атайын операциянын сегизинчи айында Россиядан Германияга кеткен газ түтүгү суу алдынан жардырылды. Ансыз да айласын таппай турган европалыктар ого бетер чүнчүп кетти... "Түндүк агым — 1" менен жылына 60 миллиард куб метр газ өтүп, ал Европа экономикасын камсыздачу. Ал эми "Түндүк агым — 2" бул көлөмдү көбөйтүү үчүн курулуп жаткан", — деп жазды.
Американын Nord Stream газ түтүгүн жок кылып, ЕБдин Сибирь углеводородун алышына салган тыюусу — акылы тунук ар бир европалыктын жинин келтире турган көрүнүш. Кышында нааразычылык күчөй турганы анык.
Ал арада Американын Украинанын Куралуу күчтөрүнө миллиарддаган долларлык колдоо көрсөткөнүнө карабастан россиялык армия Херсон, Запорожье, Днепропетровск, Хабаровск, ошондой эле Одесса жана Киев облустарында кагылышуу жүргөн 1000 чакырым аралыкта каршы тараптын объектилерине ири сокку уруп жатат. Жаңы мисалы — Киев облусундагы Белая Церковь шаарында жайгашкан 72-механизациялаштырылган бригаданын күйүп жаткан базасы.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн суткада эле Никалоево-Кривой Рог багытында украин күчтөрүнө таандык 18 сооттолгон машина, эки танк, эки "Гвоздика" гаубицасы, эки миномет жана 20 автоунаа жок кылынды. "Искандер" ракетасынын Вознесенск аскердик аэродромуна жасаган жогорку тактыктагы соккусу менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн "Байрактар ТБ-2" аппараттары турган ангар талкаланды. Мындай статистика америкалык жардам менен Европанын аскердик колдоосу абалды өзгөртө албай калганын көрсөтүп турат.
Баса, "Ростех" мамлекеттик корпорациясы дүйшөмбү күнү Пермде "Торнадо-Г" жана "Торнадо-С" залптык ок системасын өндүрүү "былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн, бул акыркы 10 жылда болбогон көлөм" экенин расмий жар салды. Бүгүнкү күндө россиялык коргоо өнөр жай комплекстерине жумуш жетиштүү. Москва АКШ менен НАТОго Украинанын эсебинен кеңейип, Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө эч убакта жол бербейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
НАТОнун машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
"Машыгуу өткөрүшкөн". "Түндүк агымдагы" диверсияга ким кызыкдар
Жаңылыктар түрмөгү
0