Чек арадагы алынган посттор. Аймакты көчмө чек ара отряддары көзөмөлдөйт

Эки тараптан төрттөн постту алып салуу чечими бүгүн кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Көзөмөл-өткөрмө посттор алынган кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көчмө чек ара отряддары көзөмөлдөй турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан төрттөн постту алып салуу келишилген.

"Алып салынган посттордун имараттары, курулуштар консервацияланат. Мамлекеттик чек араны көчмө отряддар белгиленген жана макулдашылган маршрут боюнча көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, жолугушууда жаңжал көп тутанган жерлерге видеокамера орнотуу сүйлөшүлдү. Аталган жерлерде калк жашабай турганын белгилей кетүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы Тамдык (КР) — Бедак (ТР) менен Булак-Башы (КР) — Кех жерлеринде элдин айыл чарба иштерин мурунку нугунда жүргүзүүсү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бардык шартты түзүп бериши керектигин белгиледи.
Протоколго ылайык аскер техникасын туруктуу жерине кайтаруу иш аракеттери учурда уланып жатат. Ал эми саат 21.30га карата чек ара ара аймагында абал туруктуу деп бааланууда.
Ташиев: эвакуациялангандар, үйүңөргө кайта бергиле, чек арада абал тынчыды