Тоолорго кар жаайт. Бир жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы

Облустун аймагында жаан-чачын 30-сентябрдан тарта башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Алдыдагы аптада Чүй облусунда күндүн табы кайтат. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, шейшембиде абанын температурасы 23 градуска түшүп, кийинки жекшембиде 20 градус болуп калат.
26-29-сентябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
30-сентябрда жана 1-октябрда тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт.
Ысыктын илеби кайтабы? Кыргызстандагы бир жуманын аба ырайы