Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын кол салуусунан жабыркагандардын саны өстү

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда алган жаракатынан улам ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн эртең менен 163кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
"Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына өткөн түнү 19 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылса, анын ичинен 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Учурда 144 адам ооруканада дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Жабыркагандардын көбү (102 адам) Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган:
Улуттук госпиталь — 71 киши;
Улуттук хирургиялык борбор – 8;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;
Тез жардам ооруканасы — 9;
Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2.
Калган бейтаптар Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууда.
Эске салсак, тажик тараптын кол салуусунан чек арадагы кандуу кагылышууда каза тапкандардын жалпы саны 59га жетти.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Эсил кайран бир боорум... Кыргызстандын эли бүгүн аза күтүп жатат