"Акыры чегинди!". Япония Россиядан кайрадан мунай ала баштады

Япония июнь айында Россиядан мунай импортун таптакыр токтоткон. Андан тышкары, көмүр, дан, жашылча сыяктуу товарларды азыраак алып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Япония июлдан тарта кайрадан Россиядан мунай импорттой баштады. Бирок анын көлөмү 2021-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 65 пайызга аз экенин Япониянын Финансы министрлигине шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
Эске салсак, Япония июнь айында Россиядан мунай импортун таптакыр токтоткон. Андан тышкары, көмүр, дан, жашылча сыяктуу товарларды азыраак алып калган.
Ага жооп катары Россия аудио-видеожабдуулардын экспортун 81-99 пайызга, автоунаалардын экспортун 21,5 пайызга, ал эми автоунаа тетиктеринин экспортун 70,2 пайызга кыскарткан.
РФтин Улуттук энергетика институтунун башкы директорунун орун басары Александр Фролов Япония Россиянын энергетикалык ресурстарына альтернатива таба албагандыктан мунай тирешинде Москвага баш ийгенин билдирди.
Пушков: Европанын энергетикалык апаатты алдын алууга азырынча убактысы бар