БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын "ПироМаг" командасы Москвада өтүп жаткан "Ростех" эл аралык фейерверк фестивалында өз өнөрүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын сайтында кабарланды.
Фестиваль Братеевский каскады паркында өтүүдө. Бул жолу элдик чыгармачылыкка жана материалдык эмес маданий мурастарга арналган иш-чарада мыкты деген наам үчүн сегиз өлкөнүн командалары ат салышып жатат.
Кыргызстандын катышуучулары бир күн мурда Сербия, Россия жана Мексиканын командалары менен биргеликте өнөрүн көрсөттү. Шоу учурунда ырчы Омардын "Кыргызстаным" жана Мирбек Атабековдун "Мурас" чыгармасы жаңырып турду.
Бүгүн кечинде калган төрт команда — Аргентина, Бразилия, Кытай жана Пакистан чыгат. Андан соң мелдештин жыйынтыгы чыгарылат.
"ПироМаг" командасы эл аралык фейерверк фестивалдарына активдүү катышып келет. "Оттун фантазиясын мыкты чагылдырганы үчүн" сыйлыгынын жана "Зажигаем звезды" IV Эл аралык фейерверк фестивалынын күмүш медалынын ээси.