Радио

Жантаев: Ош, Бишкектин мэрлигине 8 адам талапкер катары резервде турат

Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аймактык резервинде 577 талапкер бар экенин белгиледи.
Sputnik
Кадрлар резервинен 25 аким дайындалды. Мындан тышкары, аталган кызматка 254 адам талапкер катары катталган. Бул тууралуу Элчибек Жантаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кадрлар резерви квалификациясы төп келген талапкерлерди тез табууга өбөлгө түзүүдө.
"Президенттин кадр саясаты жөнүндө жарлыгынын өзөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин резервин түзүүдө болгон. Аны ишке ашыруу үчүн тийиштүү механизмдер иштелип чыкты. Учурда кадрлар резервинде 577 адам бар. Алардын ичинен 254 адам акимдикке талапкер болсо, мунун ичинен тийиштүү процедуралардан өтүп акимдин орун басарлыгына 163 адам турат. 66 кызматкер дал ушул резервден дайындалды. Бул жакшы көрсөткүч, себеби квалификациясы төп келген талапкерлерди тез табууга мүмкүндүк түзүүдө. Алсак, 25 аким, 41и анын орун басары болуп дайындалды. Ал эми муниципалдык резервге 1 116 адам кирген. Бул жакта позициялар көп. Республикалык маанидеги шаарларга жетекчи болом дегендер сегиз, алардын орун басарлыгына 36 адам, облустук маанидеги шаарларды жетектөөгө 60 талапкер катталган. Айыл өкмөт болууга 428 адам далалат кылып муниципалдык резервге киргизилди. Булардын ичинен 66 айыл өкмөт бекиди. Ал эми беш адам мэр болсо, тогуз адам алардын орун басары болуп дайындалды", — деди Жантаев.
Ошондой эле ал бул жарлык чыкканга чейин дайындалып же шайланып калган айыл өкмөттөр ишин уланта берерин кошумчалады.