БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. “Вефа” соода борборундагы коомдук тамактануучу жайдагы ашыкча жыттарды соруп алып, абаны тазалап туруучу системасы түтөп кетти. Бирок жалын чыкпаганын соода борбордун администрациясынан билдиришти.
Буга чейин имараттын үстүнөн коюу түтүн чыгып жаткан видео тарап, күбөлөр фуд-корттогу кафелердин бири күйүп жатканын айтышкан.
"Убакыттын өтүшү менен аба түтүгүнө чаң чогулат. Система анын бардыгын бир учурда соруп чыккандыктан, коюу түтүн болуп кетти. Борбордун аймагында ачык өрт болгон эмес. Абал өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин, тагыраагы, 5-10 мүнөттүн ичинде жөнгө салынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, имараттагылар эвакуацияланган, жабыркагандар болгон эмес.