Ошто көпүрөнүн жанындагы кафе өрттөндү. Видео

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден беш бөлүм тартылган.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарында Алишер Навои атындагы кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жалынды өчүрүүгө жана чектөөгө ӨКМден беш бригада тартылган. Кафенин көпүрөнүн жанында жайгашканын айтышты.
Тилсиз жоо саат 10:19да чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Чүй облусунун Пригородное айылында фермадагы өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Чүйдүн айылдарынын биринде ферма өрттөнүп, 223 бука күйүп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0