Инисин иштен алсам кысым кылууда. ЖКда министр вице-спикер менен айтышты

Парламентарий Энергетика министрлигинин ишин текшербесе болбой калганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин инисин кызматтан алып койсо, ага кысым көрсөтүп жатканын айтты.
Бүгүн парламентте министрлер кабинети өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип жатканда Сыдыгалиев энергетика министрин текшербесе болбой калганын айтты. Бул үчүн депутаттык комиссия түзүп, эки ай текшерүүнү сунуштады.
Министр буга каршы эместигин айтып, андан соң төрага Талант Мамытовго кайрылды.
“Биз ачуу чындыкты айтып коюшубуз керек. Жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар бул жерде кысым кылып жатат. Нурбек мырзанын (Сыдыгалиев — ред.) иниси Чакан ГЭСте иштеген, жумушун тарта албай койгондуктан алып салганбыз. Мындайды токтотушубуз керек да, биз деле жөн жүргөн жокпуз”, — деди Бекмурзаев.
Сыдыгалиев “жумушка дайындашын суранган эмесмин” деп инисин бир жыл мурун кетиргенде гана айтып, ошодон бери суранбаганын билдирди.
“Бирөөнү айтардан мурун өзүңүздүн деңгээлиңизди билип алыңыз. Бир РЭСтин начальнигиндей сиздин деңгээлиңиз. “Мен балбанмын” деп кабинетиңизге туруп алып ызы-чуу кылганыңызды дагы билебиз. Ошон үчүн силерден адистер кетип калууда”, — деди вице-спикер.
Андан соң министр кемсинтпей сүйлөшүн талап кылды.
Министр: депутаттын жардамчысын кызматка койбой койсом мени жамандап жатат