Мугалимдин күндөлүгү: каратып туруп сөккөндөргө унчуга албай отурабыз

Бүгүнкү күндө мугалимдин алган маянасы көтөрүлдү. Муну менен катар коомчулуктун мамилеси да жакшырып, окутуучунун баркы көтөрүлөт деген үмүттөбүз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар алыскы түштүк аймактарындагы орто мектептердин биринде иштеген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Жакшы тарбия деген эмне? Аны ким бериши керек? Жакшы тарбия кандай болушу мүмкүн? Коомчулукта кызуу талкууга алынган акыркы окуя менде дал ушундай суроолор менен алпурушууга түрткү болду. Башкасын билбейм, мен эмгектенген мектеп алыскы тоолуу райондо, 550 окуучу окуган чакан билим уясы. Бул мектепте 30 мугалим эмгектенет. Болуп өткөн окуядан кийин мугалимдердин оюн, баштан өткөргөн окуяларын угуп "Биз кайда баратабыз? Эмнеден жаңылдык?" деген суроого баш катырдык. Жооп табам деген сайын ага дагы миллион суроо кошулду. Бизде деле мугалим менен айтышкан окуучулар болот. Көп экен. Бирок биз ызабызды да, ырыбызды-сырыбызды да ичке сактап келебиз. Анткени эртең ал окуучулар адам болот, эр жетет, түшүнөт деген үмүт бар. Тарбия маселесин мугалимге эле оодарганга болбойт. Бүгүн тарбияны колдон талашкан туура да, туура эмес да маалыматтык агымдар көп. Телефондон эле канча нерсени үйрөнүшөт. Аны жиликтеп бул жаман, бул жакшы деп эч ким көзөмөлдөп отурган жок. Бул алгач ата-эненин милдети болушу керек. Биз да ата-энебиз.
Эркек мугалимдин сабагында 7-класстын окуучусу сөккөн экен. Ал агай "Эмне кылам? Албетте бала менен жекече сүйлөштүм" дейт. Ачуусу келсе да өзүн кармаптыр. Мындай учурда эч качан балага кол көтөрбөйлү, болгону ата-энесин чакырталы. Кол көтөрүүгө укугубуз да жок. Азыр мугалимдин укугун мектеп да, мамлекет да коргобойт. Биз окуучуларыбыздан коргогула дебейбиз. Бирок мугалимге сый-урмат көрсөтпөй, басынтып, сөгүп, жаман мамиле кылган көйгөйдү чечүүнүн жолун, маселени мамлекеттик деңгээлде чогуу кароону сунуштайбыз. Ойлоно турган мезгил келди. Бул мугалимдин эле көйгөйү, ызасы эмес, коомдун, мамлекеттин терең кароочу маселеси. Мунун түйүнүн таап, чиеленишкен жерин бирге чечүү керек. Эже-агайларды жазалап, тепкилеп жатып калуу менен маселе чечилбейт.
Агайын сөккөн окуучуну көргөн, уккан 30 бала кандай ойдо болду? Эртең дагы бири мугалимин сөкпөйт деп ким кепилдик берет. Улам бир мугалимди мектептен чыгарып отуруп, окуучулардын тарбиясын кайра ыдыратып жаткан жокпузбу. Азыр коомдо теңчилдик болбой турат. Окуучу эмне кылса дагы мугалим кечиримдүү болуп, баарына көз жумуп, сен жакшы деп алдап-соолап, кечирип, тил табышып иштөөсү керек дешет. Ооба, биз билим берүүчү катары үлгү болушубуз зарыл. Баланы ийге келтирип, жакшы сөз менен ынантып туруу милдетибиз. Бирок ата-эне менен окуучунун милдети тууралуу качан ооз ачабыз? Алгач окутуучуга туура мамиле кылууну, орой сүйлөбөй, урмат көрсөтүүнү үйрөтүү керек да. Азыр мугалим ийкемдүү, кечиримдүү, акылман, өз оюн айтпаган, эмоциясын башкарган, окуучулар окуп келбесе да макул болгон, "колуңдан эмне келет?" деп эшикти тээп чыгып кетсе да "кечирип кой, окуучум" деп кала бере турган адам болгонун каалап жатасыңар. Ансыз да ошол абалга бара жатабыз.
Ата-энелер маселенин аныгына жетип, анан чуулдаса. Мугалимдин күндөлүгү
Социалдык тармактан кечээки Сузактагы окуя боюнча "мындай мугалимди менин баламдын жанына бир чакырым да жолотпойт болчумун" деген комментарий окудум. Азыркы коомдун өспүрүмдөрү мугалимдин жанына бир чакырым жолобой турган болуп тарбияланып жатат. Тартиби начар, кайсы жерде эмнени сүйлөй турганды билбеген, бирок өз укугун жадыбалдай жаттаган балдардын өсүп келе жатканына ким күнөөлүү? Чоң эле адамдар мугалимди окуучунун айныгыс душманы катары көрсөткөн пикирлерин жазып жатышат. Анын баарын балдар окуйт. Эртең ал үйдөн сизди, мектепте бизди тоготпой турса кандай коом болобуз?..
Мугалим менен ата-эне бир болушу зарыл. Бир мугалимдин кемчилиги, өз кесибин мыкты билбегени үчүн бүтүндөй мугалимдерге окуучуларын каршы коюп пикир жазууга сиздерге ким укук берди? Баарыбыз жоопкерчиликти унуттук. Ошол социалдык баракчага билдирүү жазарда да коомчулукта ата-эне, чоң адам катары жоопкерчилигиңер бар экенин унутпаңыздар. Анткени мына сиз дагы, ар бирибиз ушул жеткинчектерге үлгүбүз. Тарбияны мугалимге оодаргыдай окуучу 24 саат мугалимди тиктеп отурган жок. Ал үйүнө барып ата-энесин, көчөгө чыгып кошунасын, жердештерин, мектепке барып теңтуштарын көрөт, анан интернетке кирип сизди окуйт. Бала үйдөгүсүн мектепте көрсөтөт. Мугалим 45 мүнөттө үйгө берилген тапшырманы сурап, жаңы тема түшүндүрүп, тапшырма берип гана чыгып кетет. Кийинки саатта ал башка класска барып сабак өтүшү керек. Анан анын да үйүндө балдары, турмуштук түйшүгү бар.
Ата-эненин көбү баласынын сумкасы бар-жогун, канча китеби бар экенин, сабак саат канчада башталарын, үйдөн мектепке канча убакытта жетерин билбейт. Мугалим апанын, атанын, милициянын да ролун аткарып жатабыз. Тарбияны убактыбыздын жетишинче берип келебиз. Бирок биздин биринчи вазыйпабыз — балага билим берүү. Ошол эле учурда балдарга өз оюн бирөөнүн беделине шек келтирбей түшүндүргөндү үйрөтүү керек. Албетте, Сузактагы окуяда мугалим туура эмес кылган. Ушул окуядан кийин мугалимди айтылуу "Ералаштын" каарманындай кылып атайын чагымчылдык жаратуучу кырдаалга кептеп коюшкан жокпу деген да суроо туулбай койбойт. Бул окуя коомду эле эмес, мугалим менен окуучулардын ортосуна да билинбеген жарака кетиргендей болду. Коом талкуулап, улам бир күнөөлүүнү издеп жатып окуучулар эже-агайын жакынындай эмес, душманындай көрүп калган жокпу деп кооптоносуң. Окуучунун баары тартиби жок, мугалимди сыйлабайт деп айтуудан алысмын. Өз милдетин так билген ата-энелер да бар. Бирок, тилекке каршы, бир карын майды бир кумалак чириткендей мугалимди сөккөнүн, айтышканын, тоготпогонун чоң иш көргөн окуучулар арбып барат. Аларга "аа" десең эле укукту сүйлөшөт. Тыйганга акың жок дешет.
Баарыбыз ойлоно турган убакыт келди. Эмнеден жаңылдык, бул нерсе мындан ары дагы уланып кете бербейби? Мугалимдин өзүн кармай албай калганынын себеби эмнеде? 13 жаштагы окуучунун мугалим менен теңтуштай кайым айтышканы жүрөктү оорутат. Бир мугалим үчүн миңибиз уят болуп турганыбыз шексиз. Ал эми бир окуучунун укугу үчүн жалпы педагогдордун бедели түшкөн жокпу? Айтор, ойлонуп жооп таба турган суроолор көп.
Кесиптештер, биз да изденели, көп окуйлу. Окуучудан кагуу жеп калуучу эмес, суктануучу, үлгү алуучу адамына айланалы...
Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду