Путин Макрон жана Шольц менен азык-түлүк коопсуздугун талкуулады

Талкуунун жүрүшүндө Россия эгиндин тоскоолдуксуз экспорту менен Кара деңиз портторунан Украина эгинин чыгаруунун башкача жолдорун табууга көмөктөшүүгө даяр экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Владимир Путин, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча абалды талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
"Владимир Путин так маалыматтардын негизинде азык-түлүк жеткирүүдөгү көйгөйдүн себебин далилдүү түшүндүрүп берди. Мунун баары батыш мамлекеттеринин экономикалык жана финансылык туура эмес саясатынын, ошондой эле антироссиялык санкциялардын кесепети экени айтылды", — деп жазылат маалыматта.
Талкуунун жүрүшүндө Россия эгиндин тоскоолдуксуз экспорту менен Кара деңиз портторунан Украина эгинин чыгаруунун башкача жолдорун табууга көмөктөшүүгө даяр экени белгиленген. Дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы абалды жеңилдетүү россиялык жер семирткич менен айыл чарба продукцияларын алып чыгууга шарт түзөрү, бул өз кезегинде айрым санкциялык чектөөнү алып салууну талап кылары кошумчаланды.
Кытай: Россия менен Украинадан эгин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү керек