Бишкекте дубалы ураган көп кабаттуу үй. Эки прораб камакка алынды

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалынын урап калышы боюнча эки прораб кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Эске салсак, 26-март күнү түнкү саат 03:09дар чамасында Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия проспектинин кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы жанындагы эки кабаттуу үйдүн үстүнө урап түшкөн. Окуянын кесепетинен адамдар жеңил жаракат алышкан. Кийинчерээк бул боюнча мэрия билдирүү тараткан болчу.
Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси ("Тоо, курулуш же башка иштердин коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынып, экспертиза дайындалган.
Тергөө учурунда 56 жаштагы И.А. жана 60 жаштагы Ж.М. аттуу эки адам кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экөө тең курулушта прораб болуп иштеп жатышкан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Пресс-борбор
Оңоюна качырат. Адис эл эмнеге турак жай кооперативине кайрыларын түшүндүрдү