КРде депозиттердин саны экинчи ай катары менен кыскарууда. УБ себебин айтты

Январь айында депозиттердин саны жана эсептердеги каражат 11,1 миллиард сомго кыскарса, февралда ал 2,8 миллиардды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы февраль айында депозиттик база кыскарып, эмнеге 2,8 миллиард сом болуп калгандыгына түшүндүрмө берди.
Маанилүү маалымат: Улуттук банктын депозиттер боюнча статистикасына салынган акчалар менен эсептеги каражаттар да кирет.
"1-мартка карата депозиттер көлөмү 229 миллиард сом болду. 1-февралга салыштырмалуу 2,8 миллиардга кыскаруу бар. Төмөндөө ар кыл шарттар менен коштолгон юридикалык тараптардын эсептери боюнча жүрүп жатат. Алар товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акчалар, сезондук факторго байланышкан дагы башка чыгымдар", — деп Улуттук банктан Sputnik Кыргызстанга айтып беришкен.
Эске салсак, январь айында жергиликтүү банктардагы депозиттердин саны жана эсептердеги каражат 11,1 миллиард сомго кыскарган. Улуттук банк муну "сезондук фактор" деп атаган.
Кыргызстандын кайсы банктарында кандай валюта менен депозит ачса болот. Тизме