Нооруз майрамында милиция элди "Ала-Тоо" аянтына текшерип киргизет

ШИИБ коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, коркунуч жаралса дароо 102 номерине чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 21-март, Нооруз күнү, ордо калаада 2000ден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Ала-Тоо" аянтынын айланасына мобилдик өткөрүү пунктулары орнотулуп, тартип сакчылар элди текшерип киргизет.
ШИИБ мындай чараларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, коопсуздукка коркунуч жаралса дароо 102 номерине чалууну өтүндү.
Буга чейин ИИМ Нооруз майрамында өлкө боюнча 6000ден ашуун милиция коомдук тартипке көз саларын билдирген.
Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы
Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күнгө жабылат. График