Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күнгө жабылат. График

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Кайгуул милициясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырган.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күн бою жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, көчөлөр 21-март таңкы саат 5:00дөн түнкү саат 1:00гө чейин жабылат.
"Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгүнөн (Эски аянт) автоунаалар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милициясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Бишкектеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Ноорузда 6000ден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0