Алматы — Бишкек — Алматы авиакаттамынын саны көбөйдү

Буга чейин Air Astana авиакомпаниясы аталган багыт боюнча каттамды жумасына жети жолу аткарып келген. Бүгүндөн тарта дагы беш каттам кошулду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-марттан тарта, Алматы — Бишкек — Алматы авиакаттамынын саны көбөйдү. Бул тууралуу "Манас эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан ары Алматы — Бишкек — Алматы аба каттамы жумасына 12 жолу аткарылмакчы. Буга чейин Air Astana авиакомпаниясы аталган багыт боюнча каттамды күн сайын, башкача айтканда, жумасына жети жолу аткарып келген. Ал эми марттан тарта дагы беш каттам кошулган.
Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Алматыга дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү эки жолудан уча алышат.
Авиабилеттер боюнча Air Astana компаниясына кайрылуу керек. Каттамдар тууралуу маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:
"Манас" эл аралык аэропорту — 0 312 693109;
"Ош" эл аралык аэропорту — 0 3222 90101.
РФ учактарына чектөө: кыргызстандыктар алыскы чет өлкөлөргө кантип чыга алат