БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Украина Россиянын өкүлдөрү менен Беларустун Гомель шаарында жолугуп сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости делегациянын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский билдиргенин жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-февралда, эртең менен Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Минскиге барган. Анын курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин маалымдаган.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Беларусь тараптан да сокку урулуп жатканын айтып, жолугушуу үчүн Минск нейтралдуу боло албастыгын билдирген. Ал дагы тынчтыкты орнотууга, сүйлөшүүгө ынтызар экенин, бул үчүн Варшава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу башка шаарларды тандоону сунуштаган эле.
Беларусь убактысы боюнча саат 12:00дө Россиянын өкүлдөрү Украинанын жообун саат 15:00гө чейин күтөрүн, эгер келбесе бардык кан төгүүлөргө украин тарап жоопкер болорун билдиришкен.
Гомель шаары Беларусь менен Украинанын чек арасына жакын жайгашкан.