Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы кыргызстандыктар кайсы өлкөлөр аркылуу мекенине келсе болот

© AFP / SERGEI SUPINSKYКиевдеги Борисполь аэропортундагы адамдар
Киевдеги Борисполь аэропортундагы адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Согуш Украинанын бардык аймагында жүрүп жаткандыктан, Кыргызстан ТИМи аларды абал турукташмайын коопсуз жерде калып турууну сунуштаган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Украинадагы кыргызстандыктар кайсы өлкөлөр аркылуу мекенине келсе болорун Кыргызстан ТИМинин маалымат кызматынан айтып беришти.
Украинада учактар каттабай, аба мейкиндиги жабылгандыктан улам кыргыз ТИМи аталган өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенген кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча аракеттерди көрүп жатат. Негизинен кыргызстандыктарды үчүнчү мамлекеттер аркылуу алып чыгып кетүү каралууда.

Словакия аркылуу

Кощице — Стамбул — Бишкек каттамы. Эвакуация маселеси боюнча элчиликтеги консул Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондору менен кайрылуу керек.

Венгрия аркылуу

Эвакуация үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
КР жарандары Украинага мыйзамдуу кирген болушу шарт жана тиешелүү документтери керек;
Венгрия аркылуу Кыргызстанга уча турган авиабилет зарыл;
"Чоп" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кыргызстандыктарды алардын эсебинен алып чыгып, Венгрияда аэропортко чейин элчиликтин кызматкери коштоп барат.

Румыния аркылуу

Бухаресттен учуп чыгуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
КР жарандары Румыниянын Черновцы шаарындагы (Школьная, 16 көч, тел.: +380372545434) башкы консулдуктан транзит визасын алат же еviza.mae.ro аркылуу электрондук виза толтурат;
ПЦР-тест же вакцина алганы боюнча сертификат зарыл.

Польша аркылуу

Польшага кирүүнү каалагандар документтери менен чек арадагы сегиз өтмөктүн бирине келиши зарыл. Колунда паспорту, ким экендигин аныктаган, сүрөтү чапталган расмий документи болушу керек.
Иштеп жаткан көзөмөл өткөрүү жайлары:
Budomierz-Hruszow
Dolnobyczow-Uhrynow
Dorohusk-Jagodzin
Hrebeme-Rawa Ruska
Korczowa-Krakowiec
Kroscienko-Smolnica
Medyka-Szeginie
Zosin-Uscilug
Польшада кыргызстандыктар Шенген визасы жок 15 күн тура алат. Украинадан чыгып кетүүнү каалагандар көп болгондуктан, Польшада өзүнчө коридор каралбайт. Андыктан келип кезекке туруш керек. Эвакуациялана тургандардын тизмесине кириш үчүн +380997573413, +380442370347 телефондоруна чалуу керек.
Украинада баш калкалай турган коопсуз оруну жокторго төмөнкү жерлерде жайлар ырасталууда:
Киевдеги элчиликте (Печерский району, Редутный кууш көчөсү, 19/34);
Львов шаары (Польская, 6 көч.);
Одесса шаары (Варненская көч., 3а).
Согуш Украинанын бардык аймагында жүрүп жаткандыктан, Кыргызстан ТИМи кыргызстандыктарды абал турукташмайын коопсуз жерде калып турууну сунуштаган.
"Учурда Украинанын бүткүл аймагында карама-каршы тараптардын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатканына көңүлүңүздөрдү бурабыз, бул жолго чыгууда жеке коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн", — деп эскерткен ТИМ.
Кыргызстан жарандары кайрылып, консулдук-укуктук жана консультация ала турган ыкчам байланышчу телефондордун номерлери: +380997573413, +380442370346, +380442370348, +996 (703) 42-88-65, (551) 31-20-00, (709) 98-34-65, (554) 06-52-15.
Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
SWIFT РФте өчүрүлсө кыргызстандыктарга кесепети тийбейби? Улуттук банктын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0