Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Минскидеги Россия делегациясы Украинанын жообун канчага чейин күтөрүн айтты

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүРоссия жана Беларусь желектери
Россия жана Беларусь желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Делегация башчысы эгер Украина сүйлөшүүгө келбесе бардык кан төгүүнүн жоопкерчилиги мойнуна илинерин белгилеген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын өкүлдөрү Беларустун Гомель шаарында жолугушуу боюнча Украинанын жообун саат 15:00гө (Беларусь убактысы боюнча) чейин күтөт. Бул туурасында РИА Новости делегациянын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединскийге таянуу менен билдирди.

"Биз жай гана төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: азыр түш болду. Саат 15:00гө чейин ушул жерде туруп украин тараптын Гомелге келип сүйлөшүү үчүн чечим кабыл алганын ырастаган жообун күтөбүз. Биз тастыктаары менен дароо ал жакка барып сүйлөшүүгө келген кесиптештерибизди тосуп алабыз. Биз тынчтык үчүн. Эгер диалогдон баш тарта турган болсо, бардык кан төгүүнүн жоопкерчилиги украин тараптын мойнуна илинет. Бирок биз саат 15:00гө чейин ушул жерде болуп, алардын жообун күтөбүз", — деди делегация башчысы.

Ошондой эле журналисттин тактоочу суроосуна кеп Минск убактысы жөнүндө (Бишкек убактысынан 3 саат артта) болуп жатканын айтып жооп берген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-февралда, эртең менен Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Беларуска барган. Анын курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин билдиришкен.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Беларусь тараптан да сокку урулуп жатканын айтып, жолугушуу үчүн Минск нейтралдуу боло албастыгын билдирди. Ал дагы тынчтыкты орнотууга, сүйлөшүүгө ынтызар экенин, бул үчүн Варшава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу башка шаарларды тандоону сунуштады.
Russia Today логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Google Украинанын аймагында RT тиркемесин көчүрүп алууга тыюу салды
Жаңылыктар түрмөгү
0