Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Нейтралдуу макам. Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди

Буга чейин Украина башчысы Москва менен блоктон сырткаркы макамдан тарта бардык маселелерди талкуулоодон коркпой тургандыгын жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Украина Россия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бул туурасында аталган өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийдин кеңсесинен билдиришкендигин РИА Новости жазды.
ЖМКлар жазган маалыматка караганда, бирок Киевге коопсуздук кепилдиги керек экени кошо айтылган.
Буга чейин Украина башчысы Москва менен блоктон сырткаркы макамдан тарта бардык маселелерди талкуулоодон коркпой тургандыгын жар салган.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырган.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Чыңалган кырдаалдан бир күн өткөндөн кийин, 25-февралда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалган.
Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти РФ лидери Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Макрон бул сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украина жалгыз калды, дүйнөлүк державалар алыстан карап турат