Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Сүрөт

Станциялар соода борборлордун жана гипермаркеттердин жанында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагы ачылды

2 / 2

Борбор калаада кечээ "Элкуб" компаниясы тарабынан Кыргызстанда алгачкы болуп ишке киргизилген электрокарларын кубаттоочу станциялардын ачылышы өткөн

Борбор калаада кечээ "Элкуб" компаниясы тарабынан Кыргызстанда алгачкы болуп ишке киргизилген электрокарларын кубаттоочу станциялардын ачылышы өткөн.
Эми электромобиль ээлери көлүгүн төмөнкү даректерден кубаттай алат:
"Томми Молл" соода борбору;
"Азия Молл" соода борбору;
"Ала-Арча" соода борбору;
"Фрунзе" гипермаркети (Технопарк);
"Фрунзе" гипермаркети (ТЭЦ);
"Фрунзе" гипермаркети (Жал);
"Глобус" гипермаркети (ТЭЦ);
"Глобус" гипермаркети (Лев Толстой көчөсү);
"Глобус" гипермаркети (Медеров көчөсү);
"Интермедиа" бизнес борбору.
Мэрия азырынча кубаттоо акысыз экенин белгиледи. Акция канчага чейин уланары белгисиз.
Радио
Акылбеков: "Муниципалдык Эко Такси" кызматын түзүү каралууда