Бишкектеги тарыхый объектилердин интерактивдүү картасы түзүлдү

Порталдан архитектура эстеликтерин жана республикалык, жергиликтүү деңгээлдеги имараттарды тапса болот. Картага белгисиз себептер менен жоголуп жана бузулган эстеликтер да киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ордо калаадагы тарыхый-маданий объектилердин базасы камтылган электрондук карта түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин мекеме бардыгына жеткиликтүү интерактивдүү карта жасоо демилгесин көтөргөн. Ишкана өз күчү менен картаны жасап бүтүп, бүгүн долбоор жалпы колдонууга берилгени айтылды. Карта менен bga.org.kg. дарегине кирип таанышуу мүмкүн.
Порталдан архитектура эстеликтерин жана республикалык, жергиликтүү деңгээлдеги имараттарды тапса болот. Картага белгисиз себептер менен жоголуп жана бузулган эстеликтер да киргизилген.
Ар бир объектиге тарыхый маалыматтар жазылып, сүрөт, план, имараттын чиймеси камтылган.
Кийинчерээк картага Бишкектеги аты алмаштырылган көчөлөр тууралуу маалымат да киргизиле турганы кошумчаланды.
Чолпон-Атада Жусуп Абдрахмановдун эстелиги тургузулуп, сейил бак ачылды. Сүрөт