Каратэ-до боюнча улуттук команда Азия чемпионатына катышат

Турнир 18-22-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын курама командасынан беш каратэ чебери барат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Каратэ-до (WKF) спорту боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Турнир 18-22-декабрда Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Анда ата мекендик беш каратэ чебери таймашат.
Курама команданын мүчөлөрү:
Рафаэль Акбаров, спорт чебери (СЧ), 60 килограмм;
Калыс Нурланбек уулу, СЧ, 67 килограмм;
Адилет Шадыканов, СЧ, +84 килограмм;
Урматбек Абдилаев, СЧ, 75 килограмм;
Кымбат Тойтонова, СЧ, 75 килограмм;
Мушташ өнөрүнүн чеберлерин мелдешке улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеев жетектеп барат.
Белгилей кетсек, курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Кыргызстанда 2022-жылы бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтөт