Мэрия: тыюу салынган нерселерди жакпагыла, айып төлөйсүңөр!

Тыюу салынган нерсени жакканда түтүн менен уулуу химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ал ден соолукка зыянын тийгизип, абаны бузары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктарды тыюу салынган нерселерди жагып, үй, имарат жылытпоого чакырды.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, бул учурда түтүн менен уулуу химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ал ден соолукка зыянын тийгизип, абаны бузат.
"Эгер мындай факт катталса, Бузуулар кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып пул салынат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия тыюу салынган нерсе жаккандарды көрүп калгандар болсо Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү номерлерине чалууну сунуштады: