Россиядагы элчилик шайлоого катышууну каалаган мекендештерге кайрылуу жасады

Жакынкы күндөрү шайлоочулардын тизмеде бар-жогун тактоо жана консулдук каттоого туруу мөөнөттөрү аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, 12-ноябрда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыз кабыл алуу аяктай турганын дагы бир ирет эскертти.
Ал эми 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 15-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алары айтылды.
ЖМК менен соцтармактарга байкоо салынууда. ИИМ шайлоо алдында эскертүү жасады
Буга байланыштуу элчилик мекендештерди добуш берүүгө активдүү катышууну жана Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында ачылган шайлоо участкаларына келүүнү өтүнөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы чакырылышта 90 депутат болот, анын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келет.