Футбол учурунда кызынын колун сураган жигит оюндун кызыгын арттырды. Сүрөт

Трибунанын чыгыш тарабында Жибек аттуу кыздын болочок жолдошу "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын футболдук мелдеши учурунда жигит кызынын колун сурады.

"Трибунанын чыгыш тарабында Жибек аттуу кыздын болочок жолдошу "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган. Футбол көрүүчүлөрү "Жибек" деп кыйкырышкан. Кыз болсо футболду батыш трибунадан көрүүдө", — деди Sputnik агенттигинин кабарчысы.

Мындай көрүнүш футболдук беттештин биринчи таймы аяктаганда болгон.

Белгилей кетсек, учурда оюндун экинчи таймы башталып, кыргызстандыктар 3:1 эсеби менен утуп жатат.

Футбол учурунда кызынын колун сураган жигит оюндун кызыгын арттырды. Сүрөт