Көк бөрү: "Ынтымак" менен "Сары-Өзөндүн" финалдык беттеши. Видео

Көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин 2021-жылдагы жогорку лигасынын финалында "Ынтымак" (Талас) менен "Сары-Өзөн" (Чүй) командалары беттешке чыкты.
Sputnik

Өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу оюн болгон эмес.

Ысык-Көлдө өлкө президентинин кубогуна арналган эл аралык бул мелдеш быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өтүп жатат.

Мелдештин тарыхында алгачкы жолу эл аралык лига уюштурулуп, ага Россиядан, Өзбекстандан келген үч команда катышты. 

Улуттук оюн КТРКнын эфиринен ретрансляция болуп жатат.